Ссылки доступа

Комил Алламжонов: Мурда бардык өзбек ЖМКлары Ислам Каримовдун маанайы үчүн гана иштечү


Комил Алламжонов
Комил Алламжонов

Мурда Өзбекстанда бардык жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) бир гана кишинин — мурдагы мамлекет башчынын маанайы үчүн иштечү.

Бул тууралуу 28-сентябрда Улуттук масс-медианы колдоо жана өнүктүрүү боюнча коомдук фонддун көзөмөл кеңешинин төрагасы Комил Алламжонов Маалыматка жетүүнүн эл аралык күнүнө арналган онлайн жыйында билдирди.

«2016-жылга чейин өзбек ЖМКлары кома абалында болчу. Алар өлүү же тирүү эмес эле. Телеканалдарда мактоо көп болуп, гезиттерге «бейиштеги жаңылыктар» гана жарыяланчу. Азыр бул тамашадай кабыл алынышы мүмкүн, бирок тилекке каршы ушундай болгон. Мамлекет калкка керектүү эмес, өзү туура деп эсептеген маалымат таратуу менен убараланып келген. Бардык ЖМКлар бир гана киши үчүн, ошол кездеги мамлекет башчынын маанайы үчүн иштеген», — деди Алламжонов.

Анын айтымында, Ислам Каримовдун тушунда өзбек маалымдоо каражаттары адамдардын түйүшүгү менен көйгөлөрүн аз чагылдырып, журналисттердин даттануулары анонимдүү түрдө гана социалдык түйүндөргө жарыяланып келген.

Алламжонов өз сөзүндө акыркы төрт жылда ЖМКларга кыйла эркиндик берилип, журналисттер өлкөдөгү чыныгы окуяларды чагылдыруу мүмкүндүгүнө ээ болушканын белгиледи.

Ошондой эле ал өзбек өкмөтүн сындаганы үчүн мурда тыюу салынган чет өлкөлүк сайттарга киргизилген бөгөт чаралары алынганын эске салды. Өткөн жылы Өзбекстанда бөгөт коюлган «Би-Би-Синин» өзбек кызматы, «Америка үнү», «Фергана» агенттиги, Centre1, AsiaTerra жана башка чет өлкөлүк сайттар ачыла баштаган. Бирок «Азаттык» радиосунун өзбек кызматынын жана башка көз карандысыз басылмалардын сайттары дале бөгөттөлгөн бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG