Ссылки доступа

Тажикстан ИИМи оппозициячыл партиянын лидеринин сабалганын четке какты


Рахматилло Зойиров
Рахматилло Зойиров

Тажикстандын Ички иштер министрлиги Социал-демократиялык партиянын төрагасы Рахматилло Зойировго кол салуу болду деген маалымат тастыкталбаганын билдирди.

“Эч кандай кол салуу болгон эмес. Зойиров өзү жыгылып калган жана аны ит арыкка сүйрөп барган” деп айтылат 29-сентябрда жарыяланган маалыматта.

Билдирүүдө саясатчы кол салуу фактысы боюнча арыз менен укук коргоо органдарына кайрылбаганы, бирок Душанбе шаардык ички иштер башкармалыгы “Фейсбукта” жарыяланган маалымат боюнча териштирүү жүргүзгөнү белгиленген. Министрлик Рахматилло Зойиров соттук-медициналык экспертизага чакырылганын, ден соолугуна олуттуу зыян келбегени аныкталганын айткан.

ИИМдин маалыматы боюнча саясатчынын 22 жаштагы "кошунасы" Кобилжон Далатхожаев күбө катары көрсөтмө берген. Ал Зойиров ошол күнү ити менен сейилдеп жүргөнүн, ит аны сүйрөп кетип, ал арыктын ичине кулап калганын айткан.

Рахматилло Зойиров Тажикстан ИИМинин билдирүүсүн негизсиз деп атап, бул жигитти тааныбастыгын билдирди. Ал ИИМге ишенбей турганын, ошондуктан арыз менен укук коргоо органдарына кайрылбаганын да кошумчалады.

Тажикстандын социал-демократиялык партиясынын төрагасы Рахматилло Зойиров 22-сентябрга караган түнү белгисиз эки кишинин кол салуусуна кабылганын ”Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу кабарлаган:

- Кол салуу үйүмө жакын жерде болду. Бирөө артыман келип эки жолу урду: алгач катуу бир нерсе менен башыма, андан кийин оң көзүмө. Экинчиси келип катуу түртүп жиберди. Мен жыгылганда сол далым менен жол жээгиндеги цементке тийип, суу лотогуна кирип кеттим. 4-5 мүнөткө эсимди жоготуп жаттым. Эсиме келсем жанымда эч ким жок экен, үйгө араң жеттим.

Рахматилло Зойиров 2017-жылы октябрда да белгисиз адамдардын кол салуусуна кабылган. Анда ал кол салуу атайын уюштурулганын айтып, оң колунан, далысынан жана белинен жаракат алганын билдирген.

Социал-демократиялык партия быйыл 11-октябрда өтө турган президенттик шайлоого бойкот жарыялаган.

XS
SM
MD
LG