Ссылки доступа

Сардаба ташкыны: Жабырлануучулар Ташкентке алтынчы жолу келгенден кийин компенсация алышууда


28-сентябрда Сырдарыя облусуна караштуу Сардаба районунун Достук маалесинин жашоочулары премьер-министр менен жолугуу үчүн Ташкентке алтынчы жолу барышты.

Алар менен өкмөт башчынын өкүлү жолугуп, маселесин оң жагына чечүүгө убада берди. Суу ташкыны учурунда үйлөрүнөн айрылган сардабалыктар өкмөт убадалаган компенсацияны алуу үчүн Ташкентке беш айдан бери келип жатышат.

29-сентябрда Достук маалесинин тогуз тургуну “Халк банк” даярдаган арызга кол коюшту. Аларга жакын арада компенсация төлөнүп берилери айтылды.

– Эртең ар бирибизге пластик карта ачып, акчаны ошол жакка которо турушканын айтышты. Биз буга ыраазы болуп, үйлөрүбүзгө кетип баратабыз, – деди Сардаба районунун тургуну.

Алар президент 40 миллион сум (4 миң доллардын тегереги) компенсация убада кылганын билдиришүүдө.

17-сентябрда Сардоба районунун Достук маалесинин тогуз жашоочусу Ташкентке бешинчи жолу келип, премьер-министр Абдулла Ариповго жолугууга аракет жасашканы айтылган. Компенсация талап кылган жарандарды укук коргоо кызматкерлери күч менен машинелерге салып, кайра Сырдарыяга жөнөтүшкөн.

Сырдарыя облусундагы Сардаба суу сактагычы быйыл 1-майда жарылып, алты киши каза болгон. Анын кесепетинен 24 айылдан 90 миң адам эвакуацияланган.

Расмий маалыматтар боюнча 2570 үй, 76 көп кабаттуу турак жай жараксыз абалга келген. Дагы 1781 үй жана 52 көп кабаттуу турак жай жарым-жартылай зыянга учураган.

Эксперттер дамбанын жарылышына тармактагы коррупция - аны курууда бетон жана башка курулуш материалдары уурдалганы себеп болгон деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG