Волжский – Ташкент багыты боюнча кийинки каттам 1-октябрга белгиленди.
Өзбекстанга келе албай жаткан мигранттар Волгоград облусундагы мусулмандардын маданий-агартуу борборуна жайгаштырылган.
"Ушул тапта Волжский шаарындагы мусулмандардын маданий-агартуу борборунда өзбекстандык эки жаран калды. Шаар бийлиги, кайрымдуулук уюмдары жана жөн гана кайдыгер эмес кишилер тамак-аштан жардам беришти. Борбор керебеттер жана матрастар менен камсыздалган. Андыктан биз мекенине кайтууну каалаган жаңы кишилерди кабыл алууга даярбыз. Алардын саны жана качан келери эртең белгилүү болот", - деди Волгоград облусунун муфтийи Абдулла ажы.
25-сентябрда Ташкентке поезд менен 900дөн ашык киши кеткен.