Ссылки доступа

Дагестандагы абактан качып кеткен тажикстандыктар Калмыкияда кармалды


Дегастандагы абактан качып кеткен алты киши, анын ичинде эки тажикстандык Калмыкия республикасында кармалды. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Дагестан боюнча башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, абактан качкандар Калмыкиянын Улан-Хол деген кыштагында колго түштү.

Соттолгон алты киши бир жыл бою өтмөк казып, ал аркылуу абактан 23-сентябрда качып кетишкен. Жергиликтүү бийлик алар адам өлтүрүү жана маңзат сатуу айыптары менен 10 жылдан 14 жылга чейин соттолушканын, арасында тажикстандык эки жаран — Шамил Бойматов жана Махмадрасул Машрабов бар экенин билдирген.

Кылмышкерлер абактан качкандан кийин Орусиянын Тергөө комитети түзөтүү мекемесинин кызматкерлерине «Шалаакылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Өткөн жумада Дагестандын башчысы Владимир Васильев качкындарды колго түшүрүүгө көмөктөшө турган маалымат бергендерге миллион рублге чейин акча берүүнү убадалаган.

XS
SM
MD
LG