Ссылки доступа

Навальный аны ууландыруунун артында Путин турганын айтты


Оппозиционер Алексей Навальный
Оппозиционер Алексей Навальный

Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный аны ууландыруунун артында Орусиянын президенти Владимир Путин турган деп эсептейт. Бул тууралуу ал "Шпигель" журналына берген интервьюсунда билдирди.

"Мен бул кылмыштын артында Путин турганын бышыктайм, менде бул окуя боюнча башка версия жок”,– деген Навальный. Ал Орусияга кайтууну пландап жатканын жана коркпой турганын да кошумчалаган.

Кремлдин башкы каршылашы 44 жаштагы Алексей Навальный 20-августта Томск-Москва учагында эсин жоготкон. Учак Омск шаарына чукул конуп, Навальный жергиликтүү ооруканага жеткирилген.

Кийин жакындарынын талабы менен Германиядагы «Шарите» клиникасына которулган. Оппозиционер клиникада 32 күн жатып, анын ичинде 24 күн реанимация бөлүмүндө дарыланган.

Немис өкмөтү жана Европадагы бир катар көз каранды эмес лабораториялар Алексей Навальный нервди шал кылган «Новичок» заты менен ууландырылганын кабарлашкан.

XS
SM
MD
LG