Ссылки доступа

Алматыда активист-блогер Маргулан Боранбай камалды


Алматыда активист-блогер Маргулан Боранбай убактылуу кармоочу жайга камалды. Ал улут аралык кастыкты козуткан жана бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган деп шектелүүдө.

Адвокат Ануар Байдаровдун айтымында, бийликти күч менен басып алуу чакырыгына байланышкан айыптоо Боранбайды камакка алуу үчүн атайын ойлоп чыгарылган деп эсептейт. Бул беренеде күнөөлүүлөр үчүн жети жылга эркинен ажыратуу же ушундай эле мөөнөткө эркиндигин чектөө жазасы каралган.

«Атайылап жалган корутунду чыгарган эксперт менен тергөөчүнүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышын талап кылам. Бул буйрутма иш», — деди адвокат.

Алматы шаардык полиция департаментинин басма сөз кызматы азырынча бул иш боюнча тергөөчүдөн маалымат келе электигин билдирди.

Маргулан Боранбай социалдык түйүндөргө улутчул-патриоттук мүнөздөгү билдирүүлөрдү жазып келгендиги менен белгилүү.

Анын Youtube сервисиндеги акыркы блогу эне тилинде сүйлөбөгөн казактарга арналган.

XS
SM
MD
LG