Ссылки доступа

Өзбекстанда кичинекей кыздарга ыдык көрсөтүү иши боюнча тергөө башталды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Өзбекстандын Анжиян облусуна караштуу Асака районунда кичинекей кыздарга сексуалдык ыдык көрсөтүү иши боюнча тергөө башталды. Бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматы билдирди.

Асака райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматына караганда, кичинекей үч кызга сексуалдык ыдык көрсөтүү фактысы боюнча тергөөгө чейинки териштирүү аяктап, иш Асака шаардык прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Мекеменин тергөөчүсү топтолгон материалдар шектүүгө каршы «Эрезеге жете электерге карата бузукулук аракеттерге баруу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоого жетиштүү экенин билдирди.

Тергөө иштери менен жакындан тааныш булактын билдиргенине караганда, болжолдуу тергөөнүн жүрүшүндө шектүү «күнөөсүн мойнуна алды», бирок белгиленген аймактан чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде эркиндикке кое берилди.

Кыздардын жакындары кылмышка шектүүнүн эркиндикте жүргөнүнө тынчсызданып жатышканын билдиришүүдө. «Шектүү адам күнөөсүн мойнуна алганына карабастан азыр эркиндикте жүрөт. Маале тургундары аны окуя болгон жерде кармап, милицияга алып барышкан. Азыр дале болсо ага каршы кылмыш иши козголо элек. Кыздар экспертизадан өткөрүлүп, зордукталбаганы аныкталды. Шектүү аларды чечиндирип, бузукулук аракеттерге барган», — деди ыдык көрсөтүүгө кабылган кыздардын биринин атасы.

Буга чейин 31 жаштагы шектүү 4-сентябрда 6 жаштагы эки жана 7 жаштагы бир кызды коен кармап берем деген убада менен талаага алып барып, аларга сексуалдык ыдык көрсөткөнү кабарланган.

XS
SM
MD
LG