Ссылки доступа

Өзбекстанда прокуратура тергөө абагындагы кыйноо тууралуу билдирүүлөрдү четке какты


Өзбекстандын Кашкадарыя облустук прокуратурасы газ конденсатын уурдоо айыбы менен кармалган 31 кишиге карата кыйноо болгондугу тууралуу маалыматы четке какты.

4-октябрда «Дарё» басылмасы кармалгандар Улуттук коопсуздук кызматынын (УКК) Кашкадарыя облусундагы бөлүмүнүн тергөө абагында кыйноого кабылгандыгы тууралуу макала жарыялаган. Алишер Гулистанов менен Дильшод Умаров сотто сүйлөп, психикалык жана физикалык зомбулукка туш болгонун айтышкан.

«Тергөө адвокаттардын катышуусу менен мыйзамдарга ылайык жүргүзүлгөн. Ар үч күн сайын медициналык текшерүүдөн өткөрүлүүдө. Тергөө абагында видеокөзөмөл камералары орнотулган, кармалгандарга карата эч кандай физикалык, моралдык кысым болгон жок», — деп жазылган облустук прокуратуранын билдирүүсүндө.

Буга чейин облуста газ куурунун газ конденсатын уурдоо, ошондой эле укук коргоо органдарына пара берүү айыптары менен 31 киши кармалганы кабарланган.

Видео

Видео

Күрөш: Айылдан Олимпке карай жол
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:35:54 0:00
XS
SM
MD
LG