Ссылки доступа

Өзбекстанда депутаттар саясий башпаанек берүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун карашууда


Өзбекстан парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы чет өлкөлүк жана жарандыгы жок кишилерге саясий башпаанек берүү жөнүндө мыйзам долбоорун карады.

Депутат Расул Кушербаевдун айтымында, бул мыйзам долбоору 5-октябрда төмөнкү палатанын жалпы жыйынында биринчи окуудан өттү.

Мыйзам долбоору чет өлкөлүк же жарандыгы жок кишилердин укуктук макамын, Өзбекстанда жүрүү тартибин, саясий башпаанек берүүнү, негизги укуктарын жана милдеттерин, Өзбекстанга кирүү жана чыгуу эрежелерин, мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана башка маселелерди камтыйт.

Мыйзам долбооруна ылайык, саясий башпаанек берүү тартибин жана шартын Өзбекстан президенти аныктайт.

Документте саясий башпаанек коомдук-саясий ишмердүүлүгү, диний ынанымы, расалык же улуттук өзгөчөлүгү үчүн куугунтукка кабылган кишилерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө берилери жазылган.

Кушербаев мыйзам долбоорунда Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт, БУУнун Качкындар макамы жөнүндө конвенциясы, Дипломатиялык мамилелер жөнүндө Вена конвенциясы эске алынганын белгилейт.

Мыйзам долбоору үч окууда каралган соң Сенатка жөнөтүлөт.

XS
SM
MD
LG