Ссылки доступа

БШК: Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу чечими чыкты


Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун тыянагын жокко чыгаруу тууралуу чечимдин үстүндө юристтер иштеп жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Марина Гречанная БШКнын бүгүн өткөн жыйынына таянып "Азаттыкка" билдирди.

Буга чейин БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева шайлоонун тыянагы боршайкомдун мүчөлөрүнүн 11 добушу менен 4-октябрдагы шайлоонун тыянагы жокко чыгарылганын "Фейсбуктагы" баракчасына жазган.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгында жети пайыздык босогодон өтпөй калган партиялардын тарапкерлери 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чыгып, 6-октябрдын таңында митингчилер президенттин жана парламенттин кеңсесин басып алышкан. Алар шайлоону тааныбай турганын, жыйынтыктарын жокко чыгарып, кайра шайлоо дайындоону талап кылышкан. Учурда Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Каракол шаарларында каршылык акциялары уланууда.

Бишкекте шайлоого катышкан партиялардын лидерлери баштаган саясатчылар Координациялык кеңеш түздү. Аны "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров башкарууда.

Президент 6-октябрда видео кайрылуу жолдоп, шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети болгонун айтты.

4-октябрдагы шайлоодо "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан", "Бүтүн Кыргызстан" партиялары жети пайыздык босогодон өткөн.

XS
SM
MD
LG