Ссылки доступа

Евробиримдик Кыргызстандагы саясий күчтөрдү мыйзамдуулукка чакырды


4-октябрда Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоо тууралуу Европа Биримдиги атайын билдирүү таратты.

Анда Евробиримдик Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоону жокко чыгарышын тааный турганын, бирок өлкөдөгү саясий күчтөр Конституциянын негизинде иш алып барып, мыйзамдуулукту сакташы керек экенин белгиледи.

«Биз эми элдин ишенимин камсыз кылчу, бардык жактан ачык-айкын шарт түзүлгөн кезектеги шайлоону чыдамсыздык менен күтөбүз. Анын жыйынтыгында Кыргызстан демократиялык, адам укугун коргоо жолуна түшүп, эл аралык милдеттерин толук аткарат деген ишенимдебиз», деп жазылат билдирүүдө.

Евробиримдик ошондой эле Кыргызстанга эгемендигин сактоодо, демократиялык жол менен өнүгүүдө ар дайым колдоо көрсөтөрүн кошумчалады.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо өткөн. 16 партия катышкан шайлоонун баштапкы жыйынтыгы жарыялангандан кийин ага нааразы болгон партиялардын миңдеген тарапкерлери 5-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтына чогулуп, добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну жана кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Кечинде милиция митингчилерди кууп таратууга аракеттенген.

6-октябрга оогон түнү митингчилер президент менен парламент отурган имаратты, УКМКны басып алышкан. Алардын айрымдары коррупция үчүн айыпталып, абакка кесилген экс-президент Алмазбек Атамбаевди, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаковду, Жантөрө Сатыбалдиевди бошотушкан.

Атамбаев менен кошо айыпталып жаткандар жана мурдагы депутат Садыр Жапаров да түрмөдөн чыккан.

XS
SM
MD
LG