Ссылки доступа

Өлкөдө саясий кризис уланууда (видео)


Өлкөдө 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы жапырт нааразылыктан кийин саясий каатчылык уланууда. Ушул тапта күч түзүмдөрүн ким башкарып жатканы, өлкөнүн премьер-министри ким экени, президент кайда экени жана ал чындап эле бийликке ээби же жокпу белгисиз.

Бишкекте бир эле учурда жарыша бийлик түзүмдөрү (координациялык кеңештер) түзүлдү. Жапырт митингдер уланууда. Мындан тышкары өндүрүш ишканаларын, соода борборлорун басып алуу аракети уланууда. Аларды элдик кошуундар сактап калууга аракет жасоодо.

Демонстранттар парламент жана өкмөттүк бир нече имараттарды басып алып, түрмөдөн мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтарын бошоткондон кийин парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Премьер-министр отставкага кетти. Айрым депутаттар абактан чыккан саясатчы Садыр Жапаровду премьер катары жарыялашты. Буга оппозициячыл күчтөрдүн бир бөлүгү каршы чыкты. Алар жыйында кворум болгон эмес деп эсептешүүдө. Жапаровдун каршылаштары өзүнчө координациялык кеңеш түздү, ага бир нече партиянын өкүлдөрү кирди. Ага чейин башка бир координациялык кеңеш түзүлгөн.

7-октябрда Бишкекте Жапаровго каршы чыккандар митинг өткөрүштү.

Бул арада президент Сооронбай Жээнбеков кайда экени белгисиз. Анын маалымат катчысы ал Бишкекте экенин айтты. Жээнбеков өлкөдөгү абал боюнча элге жана саясий күчтөргө үч жолу кайрылуу жасады, бирок эл алдына чыккан жок.

“Президент катары ушул абалдан тезирээк чыгууга болгон күч-аракетимди жумшап жатам. Ушул максатта ар кыл саясий тараптар менен жеке сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатам. Урматтуу саясий күчтөрдүн жетекчилери, азыркы саясий туңгуюк абалдан чыгуу үчүн менден президент катары талап кылынчу кадамдарга даяр экенимди дагы бир ирет бидирем. Бирок кырдаалды жөнгө салуу милдетин алам деген тараптардан сүйлөшүү үчүн бирдиктүү аянтча сунуштала элек. Азыркы учурдагы кызмат алмашууларды легитимдештирүү зарыл. Ал үчүн сиздер билгендей, Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыктарына кол коюшум үчүн парламент кадрдык дайындоолор жөнүндө тиешелүү токтомдорду киргизиши керек».

Ушул тапта Бишкектин коопсуздугун элдик кошуундар тартипке келтирүүдө. Алар бир нече талоончулуктун алдын алганы айтылууда.

Өлкөдө парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына байланыштуу 5-октябрда чыккан нааразылык акциялары массалык тополоң менен коштолду. Башаламандык учурунда 700дөн ашуун киши жаракат алды, 19 жаштагы жигит мерт болду.

XS
SM
MD
LG