Ссылки доступа

Улуттук банк коммерциялык банк түзүмдөрүнө кайрадан иштөөнү сунуш кылды


Улуттук банкы калкты банктык кызмат көрсөтүүнүн негизги түрлөрү менен камсыз кылыш үчүн коммерциялык банктарга жана банк эмес финансы-насыя уюмдарына 2020-жылдын 8-октябрынан тартып кайрадан иштей баштоону сунуш кылды.

«Эмгек акыларды, пенсияларды, жөлөк пулдарды өз убагында алыш үчүн шарт түзүү, ошондой эле калкты нак акча менен камсыз кылуу максатында, өлкөдөгү бүгүнкү кырдаалды эске алып, финансылык уюмдарга иш убактысын саат 09.00дөн тартып 15.00гө чейин белгилөө сунушталат.

Финансылык уюмдар калкка банктык кызмат көрсөтүүнүн негизги түрлөрүн сунуштоо ишин улантат, ошондой эле төлөмдөрдү жана которуу операцияларын улуттук төлөм системалары боюнча гана жүргүзөт. Нак эмес төлөмдөрдү жана которууну өлкө ичинде жүргүзүүдө, онлайт кызмат көрсөтүүдө коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле банкоматтардын, POS-терминалдар менен төлөм терминалдарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жаатында чаралар көрүлөт», деп жазылат банктын билдирүүсүндө.

Чек ара аркылуу (өлкөнүн чегинен тышкары) төлөмдөрдү ишке ашырууга мүмкүндүк берген эл аралык SWIFT төлөм системаcын жүргүзүү Улуттук банктын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин 6-октябрдан тартып токтотулган эле. Улуттук банк финансылык кызмат көрсөтүүгө байланыштуу маселелер боюнча каржы түзүмдөрүнө онлайн кызмат көрсөтүү аркылуу кайрылууну сунуш кылат.

4-октябрда парламенттик шайлоонун босого чегинен өтпөй калган партия өкүлдөрү жана тарапташтары 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чыгышкан. Кечкисин жапырт башаламандык башталып, эки күн уланган. Коммерциялык каржы түзүмдөрүнүн иши убактылуу токтоп, онлайн режимге өткөн эле. Массалык башаламандык учурунда менчик банкттардын айрым филиалдары талкаланган.

Видео

Видео

Нарындагы памирлик кыргыздар Алайга көчтү
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:42 0:00
XS
SM
MD
LG