Ссылки доступа

Дүйнөлүк банк: Борбор Азия рецессияга кабылып, жакырчылык көбөйүшү мүмкүн


Европа менен Борбор Азиянын өнүгүп жаткан экономикалары 2008-жылдагы глобалдык каржы каатчылыгынан берки эң оор рецессияга кабылышы мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын божомолунда айтылат.

Маалыматка караганда, быйыл аймактын экономикасы 4,4% төмөндөп, 2021-жылы 1,1-3,3% өсүшү ыктымал.

«Азыркыдай шартта Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү каатчылыктан чыгып, пандемиядан кийин туруктуу калыбына келүүгө даярданышы керек. Бул башкарууну күчөтүү, инвестициялык климатты жакшыртуу жана инновациялар менен санариптик өнүгүүгө көмөктөшүү. Өзгөчө сапаттуу билим берүүгө жана саламаттык сактоого туруктуу инвестицияларды тартуу өтө маанилүү», — деди Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия аймагы боюнча вице-президенти Анна Бьерде.

Анын айтымында, пандемиядан улам экономиканын 2020-жылдагы төмөндөөсү аймактагы бардык өлкөлөрдө жакырчылыктын көбөйүшүнө алып келет.

Дүйнөлүк банктын билдирүүсүндө пандемия ошондой эле аймактагы билим берүүгө жана саламаттык сактоого терс таасир тийгизип жатканы белгиленген.

XS
SM
MD
LG