«Биз бул түзүлгөн кырдаалдан улам убактылуу өкмөттү башкарып, таза шайлоону камсыз кылалы деп жатабыз. Биз кайсы бир партия менен шайлоого барбайбыз», - деди Токтогазиев.
«Биз шайлоодон кийин жаңы парламент түзүлүп, биздин талапкерлигибиз көрсөтүлүп, жактырылса гана кызматта калышыбыз мүмкүн»,- деди Бабанов.
Бабанов ошондой эле саясатка кайтып келишинин себебин минтип түшүндүрдү:
«Мен мурда саясаттан кеттим деген элем. Бирок саясат биздин жашообуз да. Азыр расмий түрдө кайтып келдим деп айтамын».
«Азаттык» радиосунун кабарчысынын: «Президент Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүлөр болдубу?» деген суроосуна: «Жээнбеков менен сүйлөшкөн жокпуз. Бирок анын «саясий кырдаал жөнгө салынса бийликтен кетем» дегени туура чечим болду. «Тынчтык жолу менен кетем» деген чечимин сыйлашыбыз керек», - деди.
Аталган партиялар ошондой эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен да жолукпаганын билдиришти.
Бүгүн, 9-октябрда «Ата Мекен», «Республика», «Бир Бол», «Реформа» саясий партиялары биригип түзгөн «Акыркы үмүт» саясий биримдиги Өмүрбек Бабановду премьер-министрликке, Тилек Токтогазиевди биринчи вице-премьер-министрликке сунуш кылганын жарыялады.