Ссылки доступа

Казакстанда синтетикалык маңзат даярдаган лаборатория табылды


Карагандыда полиция синтетикалык маңзат даярдаган лабораторияны таап чыкты.

Расмий маалыматка караганда, 10-октябрда кристаллдардан турган ак түстөгү бир килограммдай синтетикалык маңзат менен бир киши кармалган. Андан соң полиция кызматкерлери анын үйүн тинтишип, маңзат даярдоочу лабораторияны аныкташкан.

Көмүскө иштеп жаткан лабораторияда “кристталлдар ”толтурулган идиштер жана маңзат даярдоочу жабдуу болгон. Полиция ал жерден беш килограмм маңзат алган. Караганды облусунун полиция департаменти анын баасы 76 миллион теңгеге (177 миң доллар) бааланганын билдирди.

“Маңзат жана психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, кайра иштетүү, сатып алуу, сактоо жана сатуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул беренеде 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу боюнча жаза мөөнөтү каралган.

Психикалык саламаттык боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун маалыматына караганда, Казакстанда бангизаттарга көз каранды болгон 26 миң киши каттоодо турат. Өлкөнүн СПИД-борбору маңзат сайынган кишилердин саны төрт эсеге көп болушу мүмкүн экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG