“Бир ай мурун көчөдө беткапсыз жүргөндөргө 21 манат айыппул салышса, эми 51 манат айыппул сала башташты. Айыппулду дароо төлөөгө мажбурлашууда, ошол эле маалда эч кандай кивтанция беришпейт”, - деди редакциянын Мары облусундагы кабарчысы.
Ал арада көчөдө беткапсыз жүргөн жарандар менен катар каскасыз велосипед тепкендер, насвай тарткандар жана алаүү болугп жүргөндөр да кармалып, айыппул төлөбөгөндөрү пахта теримге жөнөтүлүүдө.
Маалыматка караганда, кармалган жарандар 40 килограмм пахта терүүгө милдеттендирилүүдө жана катаал көзөмөл алдында иштешүүдө.