Ссылки доступа

ЕБ: Тажикстан эл аралык байкоочулардын сунуштарын көңүлгө алган жок (видео)


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Тажикстандын бийлиги өлкөдөгү кийинки шайлоолорду эл аралык стандарттарга ылайык өткөрүүгө көбүрөөк аракет кылышы керек. Бул тууралуу Европа биримдигинин (ЕБ) 12-октябрда жарыяланган расмий билдирүүсүндө айтылат.

ЕБдин расмий өкүлү Питер Станонун айтымында, Тажикстанда президенттик шайлоо тынч жана уюштурулгандыкта өттү.

«Ошол эле маалда Душанбе быйыл мартта өткөн парламенттик шайлоодон кийинки Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Адам укуктары боюнча бюросунун сунуштарын көңүлгө алган эмес. Сунуштардын арасында маалымат каражаттарынын көз карандысыздыгын жана саясий плюрализмди камсыздоо бар болчу», — деди Стано.

Ал Тажикстан демократиялык шайлоо өткөрүүнүн эл аралык стандарттары боюнча ЕККУнун алдындагы милдеттенмелерин аткаруу үчүн көбүрөөк аракет кылышы керектигин кошумчалады.

Тажикстандагы шайлоого байкоо салган ЕККУнун миссиясы президенттик шайлоо боюнча корутундусун жакынкы бир жарым айдын ичинде жарыялайт деп күтүлүүдө.

Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жекшемби күнү өткөн президенттик шайлоодо өлкөнүн азыркы башчысы Эмомали Рахмон жеңишке жеткенин билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Рахмон шайлоочулардын 90,92% же 3,837 миллион жарандын добушун алды.

Президенттик шайлоого Рахмондон тышкары дагы төрт талапкер катышкан: Тажикстандын агрардык партиясынын лидери Рустам Латифзода, Социалисттик партиянын лидери Абдухалим Гаффорзода, Экономикалык реформалар партиясынын башчысы Рустам Рахматзод жана коммунисттердин лидери Миродж Абдуллоев. Расмий маалымат боюнча алар шайлоочулардын 1-3% добушун алышты.

Тажикстандагы жалгыз оппозициялык күч эсептелген Социал-демократиялык партия шайлоого бойкот жарыялап, азыркы бийликтин тушунда таза шайлоо болбой турганын билдирген. Партиянын лидери Рахматилло Зойиров «Озоди» радиосуна курган маегинде: «Жарандар шайлоо мыйзамсыз жана Конституцияга каршы келерин түшүнүштү. Бул шайлоонун жыйынтыктарын таануунун өзү мыйзамсыз болот», — деди.

Рахматилло Зойиров: СДПТ не признает итоги президентских выборов
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:05:13 0:00

Тажикстандын улуттук альянсынын жетекчиси Мухиддин Кабири уюм буга чейин эле президенттик шайлоону мыйзамсыз деп атаганын билдирди. «Боршайком жарыялаган шайлоонун жыйынтыктары анын мыйзамсыз гана эмес, демкоратияга ылайык эмес болгонун далилдеди», — деди Кабири.

Мухиддин Кабири об итогах президентских выборов в Таджикистане
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:00:35 0:00

Оппозициялык «Группа 24» кыймылы да 11-октябрдагы президенттик шайлоонун жыйынтыктарын тааныган жок. Бул тууралуу кыймылдын лидери Сухроб Зафар «Озоди» радиосуна берген интервьюсунда билдирди.

Сухроб Зафар: "Группа 24" не признает итоги прошедших 11 октября выборов
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:00:54 0:00

Эмомали Рахмон 1994-жылдан бери өткөн шайлоолордун баарында жеңишке жеткен. 2016-жылы 4-февралда Тажикстандын Жогорку соту Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдү мыйзамдуу деп тапкан. Ага ылайык, президент Эмомали Рахмон шайлоого чектөөсүз катышууга укук алган.

XS
SM
MD
LG