Ссылки доступа

Түркмөнстанда тамеки жана насыбай чеккендерге куугунтук уланууда


Түркмөн полиция кызматкерлери (иллюстрациялык сүрөт)
Түркмөн полиция кызматкерлери (иллюстрациялык сүрөт)

Түркмөнстанда полиция кызматкерлери тамеки жана насыбай чеккен адамдарга карата куугунтукту улантууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, акыркы кездери өлкөдө насыбай чеккендер көбөйүүдө. Буга тамекинин тартыштыгы жана кымбатташы себеп болууда. Бүгүнкү күндө Мары облусунда эң арзан тамекинин кутусу 230-240 манат, бир даанасы 12 манаттан сатылууда. Түркмөнстандын Борбордук банкы белгилеген расмий курска ылайык, 3,5 манат 1 АКШ долларына барабар.

Түркмөнстанда 2000-жылдан бери коомдук жайларда тамеки тартууга болбойт. Мындан тышкары өлкөдө насыябай өндүрүүгө жана аны колдонууга тыюу салынган.

Түркмөнстан 2015-жылы чоң кишилердин арасында тамеки чеккендердин саны 5 пайызга жетпеген аймактагы алгачкы өлкө болуу аракети башталганын билдирген. Бийликтин планына ылайык, Түркмөнстан 2025-жылга карата тамекисиз өлкө деген макамга жетиши керек.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, Түркмөнстан тамеки тарткандардын саны боюнча дүйнөдө акыркы орунда турат — өлкө калктын 8% гана чылым чегет.

XS
SM
MD
LG