Ссылки доступа

Кытайдын Циндао шаарындагы тогуз миллион кишинин баары COVID-19га тест тапшырат


Кытай Циндао шаарындагы тогуз миллион кишинин баарын коронавируска тест тапшыртууну пландап жатканын билдирди.

Мындай билдирүү эки айдан бери биринчи жолу инфекция жуктуруп алган учур кайра катталгандан кийин жарыяланды. Жапырт тесттирлөө беш күндө аяктайт.

Кытай августтун башынан бери коронавирус жуктуруп алгандар каттала элек экенин айтып келген. Ошол эле маалда эксперттер өлкөдө оорунун белгилери барлар менен жоктор өз-өзүнчө саналып жатканын сынга алышкан.

12-октябрда Циндаодо илдет жуктурган 12 учур катталып, алар ооруканага жаткырылган. Шаар бийлиги пульмонологиялык клиниканы жана борбордук оорукананын медициналык тез жардам көрсөтүү бөлүмүн жапты.

Буга чейин Уханда да жапырт тестирлөө болгон. Аны менен вирустун жайылышынын алдын алууга мүмкүн болгон.

XS
SM
MD
LG