«Булакбаши айылынын 1995чи жана 1977-жылы төрөлгөн эки тургуну Тангисай тоосунда мыйзамсыз алтын казып жүргөнү аныкталды. Алардын жанында электр кыймылдаткыч, перформатор болгон. Ар биринен 10 килограммдан кен табылды», — деди мекеменин өкүлү.
Ушу тапта бул факты боюнча райондук ички иштер башкармалыгы тергөө иштерин жүргүзүүдө.
Быйыл августта жергиликтүү маалымат каражаттары Навоидеги эски алтын кенинен 230 миллион сумга бааланган (23 миң долларга жакын) алтын уурдаган бир нече киши кармалганын кабалашкан.