Ссылки доступа

Өзбекстан Тажикстандын түндүгүнө газ берүүнү жандандырат


Өзбекстан узак тыныгуудан кийин Тажикстандын түндүгүнө жаратылыш газын берүүнү жандандырат. «Сомон-Сугд-Газ» ишканасы «көгүлтүр отун» ноябрдан тарта жеткириле баштай турганын билдирди.

Ушул тапта ишкананын адистери газ куурун калыбына келтирүү үчүн ремонт иштерин жүргүзүшүүдө. «Көгүлтүр отун» алгач өндүрүш ишканаларына, андан соң көп кабаттуу жана жеке турак жайларга берилет. Жаңы жылга чейин Хожент менен чектеш үч шаар – Бустон, Гүлистон жана Гафуров шаарлары да өзбек газы менен камсыз болот

«Сомон-Сугд-Газ» билдиргендей, келишим боюнча Тажикстан өзбек газынын куб метрин 130 доллардан сатып алууда. Бул 2012-жылга караганда 2,5 эсеге арзан.

Өзбекстан Тажикстанга газ жеткирүүнү 2012-жылы токтоткон.

Өзбекстанда бийликке Шавкат Мирзиёев келгенден кийин эки өлкөнүн мамилелери кайра оңоло баштаган. Ташкент 2018-жылы «Музрабад-Душанбе» газ кууру аркылуу газ берүүнү жандандырган.

XS
SM
MD
LG