Ссылки доступа

Жогорку Кеңештин төрагалыгына Канатбек Исаев шайланды (видео)


Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынынын жүрүшүндө «Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаев парламенттин төрагасы болуп шайланды. Жыйынга 60тан ашык депутат түз катышып, андан тышкары он чактысы өз добушун ишеним кат менен берген.

Натыйжада 80 депутаттын 78и Исаевдин талапкерлиги үчүн «макул» деген добуш берген.

Добуш берүүдөн кийин Канатбек Исаев сүйлөгөн сөзүндө депутаттарга ыраазычылык билдирди. Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбековду колдой турганын жана өлкөдө туруктуулук камсыз кылууга бардык аракетин жумшай турганын билдирди.

6-октябрда парламент депутаттарынын бир бөлүгү чогулуп, Дастанбек Жумабековду спикерликтен бошотуп, анын ордуна Мыктыбек Абдылдаевди шайлаган. Абдылдаев бул кызматка дайындалышынын «мыйзамдуулугу шек жаратып жатканы үчүн» 10-октябрдагы кезексиз жыйында баш тартып, милдетти «легитимдүү вице-спикер» деп башкарууну Мирлан Бакировго өткөрүп берген.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгон он чакты партия Бишкекте митинг өткөргөн. 6-октябрга караган түнү митингчилер президенттик аппарат жана парламент жайгашкан имаратка кирип барышкан. Бул окуядан кийин президент ишин улантууда, өкмөттүн жетекчилиги кызматтан кетти. Жаңы өкмөттү дайындоо аракети боюнча орток пикир табыла элек.

XS
SM
MD
LG