Ссылки доступа

«Ала-Арча» резиденциясында депутаттардын ортосунда уруш чыкты


Мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясындагы кезексиз жыйында премьер-министрди шайлоодон кийин Жогорку Кеңештин депутаттары ишин улантышы керек болчу.

«Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун кароону сунуштаган. Бирок кворум жоктугуна байланыштуу парламенттик комитеттин төрагасы Канат Керезбеков жыйынды алып баруудан баш тартты.

Алгач жыйындар залында депутаттар арасында талаш-тартыш болуп, андан соң алар резиденциянын бөлмөлөрүнүн бирине кирип, урушуп кетишти. Бул учурду журналисттер камерага түшүрүп калышты. Сулайманов менен Керезбековдон тышкары ал жакта Талант Мамытов да болгон.

Эл өкүлдөрү бөлмөдөн чыккандан кийин залга келип, Керезбеков да, Сулайманов да эч кандай мушташ болбогонун айтышты.

13-октябрда «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов парламенттик шайлоого катышуунун талаптарын жумшартууну сунуштаган.

Сулайманов кырдаалдан чыгыш үчүн мыйзамга ылайык парламенттик шайлоону өткөрүүнү сунуш кылган. Депутат шайлоого чейин №2 форма менен добуш берүүгө тыюу салуу, шайлоо босогосун үч пайызга түшүрүү, партиялардын шайлоо фондун бир миллион сомго түшүрүү зарыл экенин билдирген.

Мындай сунушту депутат Жанарбек Акаев да колдоп, учурдагы кырдаалдан чыгыш үчүн дал ушундай кадамдарга баруу зарыл болорун белгиледи. Ал 5-октябрда нааразылык акциясына чыккан жаш активисттерди куугунтуктоону токтотуп, «Социал-демократтар» партиясынын камакка алынган мүчөсү Темирлан Султанбековду камактан бошотууга чакырган.

XS
SM
MD
LG