Ал Жаузжан провинциясында сүйлөгөн сөзүндө: «Тахир Юлдаштын Мукаррамхон аттуу кызы жоочулардын топторун башкарып жатат. Алардын «кожоюндары» бар, колдоо көрсөтүп турушат», — деди. Ошол эле маалда Дустум жоочуларга кимдер колдоо көрсөтүп жатканын так айткан жок.
Маршал борборазиялык жоочулар «аймакка таасир этүү үчүн» Ооганстанга топтолгонун кошумчалады.
Азырынча расмий Кабул Дустумдун бул билдирүүсү боюнча комментарий бере элек.
«Өзбекстан ислам кыймылы» террордук тобунун мурдагы лидери Тахир Юлдаш америкалык учактын соккусунан каза болгон.