Ссылки доступа

«Көше» партиясынын тарапташтарынын камактагы мөөнөтү узарды


Алматы шаардык тергөө соту өлкөдө тыюу салынган “Көше” партиясынын ишине аралашкан деп айыпталган активисттер Абай Бегимбетов менен Асхат Жексембаевдин камактагы мөөнөтүн бир айга узартты.

Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына алардын адвокаты Галым Нурпеисов билдирди.

23-августта тергөө соту активисттерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн эки айга камоо тууралуу чечим чыгарган.

Адвокаттын айтымында, 14-октябрда прокурор тергөөчүнүн өтүнүчүн колдоп, тергөөгө дагы убакыт керек экенин айткан. Тергөө каттоого алынган телефондор менен компьютерлерди текшерүүгө убакыт керек деп эсептейт.

7-сентябрда апелляциялык сот Бегимбетов менен Жексебаевди камакта калтырган.

47 жаштагы Асхат Жексебаев быйыл алты жолу администртивдик камакка алынган. Аны менен жашташ Абай Бегимбетов 18-июнда Алматыдагы жүрүшкө катышканы үчүн айыппулга жыгылган.

Казакстанда февралда түптөлгөн “Көше” партиясы май айында Нур-Султандагы Есил райондук сотунун чечими менен “экстремисттик уюм” катары таанылган.

XS
SM
MD
LG