Ссылки доступа

Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетти


Президентке караштуу president.kg сайты 15-октябрда Сооронбай Жээнбековдун кыргызстандыктарга кайрылуусун жарыялады. Анда Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирген.

«Бишкектеги коомдук-саясий абал курч бойдон турганын көрүп турасыздар. Аны басаңдатуу максаты менен кечээ Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамын бекитип, тиешелүү дайындоолор боюнча мен жарлык чыгарып, кол коюп бердим. Тилекке каршы, агрессия дагы эле токтобой, менин токтоосуз кетишимди талап кылышууда. Азыркы кырдаал эки тараптуу кагылышуунун болушуна жакындап калды. Бир жагында митингге чыккандар, бир жагында күч органдары турат. Эки тарап кагылышса, кан төгүлүп кетет. Мамлекеттик резиденцияны коргош үчүн аскер кызматкерлери, күч органдары курал колдонууга милдеттүү», деп жазылган кайрылууда.

Жээнбеков Кыргызстандын тарыхында кан төгүп кеткен, өз жарандарына каршы ок аткан президент катары калгысы келбегендиктен, кызматтан кетүү боюнча чечимге келгенин айткан. Өлкөнүн тынчтыгы бардык кызмат ордунан бийик экенин айтып, эки тарапты тең чагымга барбоого, премьер-министр Садыр Жапаровду жана башка саясатчыларды өз тарапкерлерин тынч жол менен таратууга чакырган.

Бүгүн айрым маалымат булактары Бишкекте Жапаровдун президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуусу өтүп, ага бир катар саясий ишмерлер да катышып жатышканын кабарлашкан.

Садыр Жапаров президент менен жолугушууга ден соолугуна байланыштуу бара албай калганын анын басма сөз катчысы Дастан Дүйшөкеев билдирген.

Садыр Жапаров 14-октябрда расмий премьер-министр болуп бекигенден кийин Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кетерин жарыялаган болчу.

Президенттин басма сөз кызматы анын азырынча кызматтан кете турган ниети жоктугун жана бул кадамга парламенттик шайлоодон кийин бара турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG