Ссылки доступа

Садыр Жапаров: президенттин, премьер-министрдин укугу мага өттү (видео)


Премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстанда президент кызматтан кеткенин, парламент төрагасы мамлекет башчынын милдетин аткаруудан баш тартканы тууралуу арыз жазып бергенин жарыялады.

Ал ушул мүнөттөрдө Эски аянтта чогулуп турган тарапташтарынын алдына чыгып сүйлөп төмөнкүдөй билдирүү жасады:

«Бардыгы ордуна келди. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков өз арызын жазып берип кетти. Спикер Канатбек Исаев «анын милдетин аткаруу мүмкүн эмес экен» деп, өзүнүн арызын жазып берди. Бүгүн президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр деген кызмат мага өттү».

Кто такой Сооронбай Жээнбеков
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:21 0:00

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда саясий кризис курчуп турат.

15-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетерин жарыялады.

13-октябрда Канатбек Исаев парламенттин жаңы төрагасы болуп шайланган. Мыйзам боюнча, президент кызматтан кеткенде анын милдетин парламент спикери аткарат. Исаев бүгүн 24.kg сайтына комментарий берип, негизги көңүлдү парламенттин ишмердүүлүгүнө бурууну чечкенин айтты.

14-октябрда мурдагы депутат, 6-октябрга караган түнкү тополоңдо тарапташтары түрмөдөн бошотуп алган Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка дайындалган.

XS
SM
MD
LG