Ссылки доступа

Казакстанда бир суткада 108 кишиден коронавирус табылды


Казакстанда өткөн суткада 108 кишиге коронавирус инфекциясы жукканы аныкталды. Бул тууралуу 16-октябрда өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Нур-Султанда коронавирус жуктурган жаңы 16, Алматыда 12 учур катталды. Павлодар облусунда шаршемби күнү 11, бейшембиде 12 кишиден вирус табылды. Бул облуста августтун аягынан бери бир күндө катталган жаңы учурлардын саны ондон ашпай келген.

Расмий маалыматтарга ылайык, пандемия башталгандан бери Казакстанда коронавирус жуктургандар 109 202 кишиге жетти. Алардын ичинен 104 801 адам айыгып, 1 780 бейтап каза болду.

Бул статистикага COVID-19дун белгилери бар, бирок анализи таза чыккан бейтаптар кошулган жок. Алар 1-августтан тартып өзүнчө эсептелинип, бейтаптарга «коронавирустук пневмония» диагнозу коюлуп келет. Бүгүнкү күнгө карата алар 35 559 кишиге жетип, 376сы каза болду.

XS
SM
MD
LG