Бул тууралуу 19-октябрда мамлекеттик бюджеттин параметрлерин талкуулоо үчурунда айтылды.
Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев кийинки жылдын бюджетин пландоо учурунда пандемия жана дүйнөлүк экономикалык активдүүлүктүн төмөндөшүн эске алуу керек экенин белгилеген.
Пандемия шартында социалдык тармактардын чыгымын быйылкы жылга салыштырмалуу 15% көбөйтүү пандалууда.
Элдик билим берүү министрлигине жылдагыдан 16% көбүрөөк каражат каралат. Биринчи жолу мектептерди интернет түйүнүнө кошуу үчүн 9,6 миллион доллар жана жабдуу үчүн 19,2 миллион доллар бөлүнөт.
Жакырчылыкты кыскартуу үчүн аз камсыз үй-бүлөлөргө бериле турган социалдык жөлөк пул эки эсеге көбөйөт. Мындан тышкары жетим балдарды үй менен камсыздоого 2,9 миллион доллар жумшалат.