Ссылки доступа

Өзбекстан студенттерди салттуу билим берүү форматына кайтарууга ниеттенүүдө


19-октябрда Өзбекстандын Жогорку жана орто атайын билим берүү министрлиги Telegram-каналы аркылуу студенттер менен ата-энелердин арасында салттуу билим берүү форматына кайтуу боюнча сурамжылоо жүргүзө баштады.

Мекемеден билдиришкендей, онлайн-сурамжылоонун жыйынтыгында өлкөдөгү жогорку окуу жайларды салттуу билим берүү форматына кайтаруу-кайтарбоо чечими кабыл алынат.

Ал ортодо студенттер аудиторияларга пандемия аяктагандан кийин гана кайтууга болорун билдиришүүдө. Ташкентте окуган Нигина аттуу хорезмдик студент салттуу билим берүү форматына кайтуу ата-энелердин көбүнө кошумча түйшүк жаратат деп эсептейт.

– Ташкентке баргандан кийин жатакана издеш керек болот. Эки ай окусак кайра каникул болот. Кайрадан түйшүк, кайрадан чыгым болот. Карантинден улам атам жумушсуз калды. Азыр ата-энелердин көбүндө балдарын борборго жөнөтүүгө акчасы жок. Ошондуктан үйдө отуруп эле аралыктан окуган жакшы, – деди ал.

Уулу Ташкенттеги окуу жайлардын биринде билим алган Самарканддын тургуну студенттер университеттерге бара баштаса, коронавирус жуктургандар көбөйүшү мүмкүн деп кооптонуп жатканын билдирди.

– Уулум Ташкентке барса башка балдар менен жатаканада бир бөлмөдө жатышы керек болот. Студенттер бири-бирине коронавирус жуктурбайт деп ким кепилдик берет? Уулум экөөбүз интернетке кирип, салттуу билим берүү форматына кайтууга каршы добуш бердик», — деди ал.

Көпчүлүк социалдык түйүн колдонуучулары да бийликтин студенттерди окуу жайларга кайтаруу планын сынга алып жатышат.

Бүгүнкү күндө Өзбекстандагы 125 жогорку окуу жайдын бардык студенттери аралыктан билим алышууда.

XS
SM
MD
LG