Ссылки доступа

Куляб шаарынын мурдагы мэри Кылмыш кодексинин алты беренеси боюнча айыпталууда


Бахром Иноятзода

Хатлон облусунун соту Куляб шаарынын мурдагы мэри Бахром Иноятзода Кылмыш кодексинин алты беренеси боюнча айыпталып жатканын билдирди.

Иноятзода быйыл июнь айында пара алууга шек саналып кармалган. Кийинчерээк ага кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана кош никеге туруу айыбы тагылган. Жакында анын эки аял алганы тастыкталбаганы айтылган.

Аткаминердин туугандары ага жалган жалаа жабылганын, бул өч алуу үчүн жасалып жатканын билдиришүүдө.

Хатлон облустук сотундагы өз булак Иноятзоданын ишинде алты берене – кызмат абалынан кыянат пайдалануу, ири өлчөмдө пара алуу, мүлктү ээлеп алуу же коромжуга учуратуу, жер тилкелерин мыйзамсыз берүү, арам акчаны адалдаштыруу — бар экенин билдирди. Эгер бардык беренелер боюнча күнөөсү аныкталса, ал 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Тергөө органдары Иноятзода мэр болуп турганда туугандарына жана башка бир нече кишиге курулуш үчүн кезексиз жер тилкелерин бөлүп бергенин аныкташканын айтышууда.

Иноятзоданын карындашы Мухаббат Иззатова агасы айыптоолордун баарын четке какканын билдирген.

Видео

Видео

Караколдо жаштарга жаккан китепкана ачылды
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:36 0:00
XS
SM
MD
LG