Жабдуулар качан жок кылынганы белгисиз. Май айында АКШда айрым штаттардын бийлик органдары Орусия берген «Авента-М» үлгүсүндөгү жасалма дем алдыруучу аппараттарды колдонуудан баш тартышкан. Кийинчерээк Орусиянын Москва жана Санкт-Петербург шаарларында коронавирус жугузгандар дарыланып жаткан эки ооруканада өрт чыгып, алты адам көз жумган. Өрт «Авента-М» аппаратынын айынан башталганы кабарланган. Бул окуялардан кийин АКШ жабдууларды кайра Орусияга кайтарып бере баштаган. Бирок коронавирус инфекциясы боюнча абал оорлошуп кетиши ыктымал экенин эске алуу менен Нью-Йорк жана Нью-Жерсиде бир нече аппаратты сактап коюшкан.
Орусия гуманитардык жардам катары АКШга коронавирус менен ооругандар үчүн бир учак толо дары-дармек, медициналык жабдуу жөнөткөнүн билдирген. Вашингтон көп өтпөй Москвадан жардам алганын четке каккан жана ал дары-дармек менен жабдуунун теңинен көбүн сатып алганын айткан.
«Авента-М» аппараттарын «Ростех» мамлекеттик ишканасынын Уралдагы заводу жасайт.