«Азаттыктын» түркмөн кызматынын маалыматына караганда, тартип сакчыларга мындай тапшырма Ички иштер министрлигиндеги (ИИМ) жыйын маалында берилди.
«Полициянын бардык жеке курамына күн сайын беткап режимин бузганы үчүн жок дегенде бир кишиге айып пул салуу тапшырмасы берилди. Министрдин орун басары эч кимге, анын ичинде аялдар менен улгайган адамдарга да жеңилдик бербөө керектигин айтты. Алар нанга акчасы жок экенин айтса да айып пул төлөтүү зарыл», — деди ИИМдин аты-жөнүн билдиргиси келбеген аткаминери.
Анын айтымында, бул тапшырманы аткарбаган полиция кызматкерлери өздөрү айып пул төлөп, актыны досторунун же туугандарынын атына жазышы керек болот.
Маалыматтарга караганда, ИИМдеги бул жыйындан кийин аймактарда полиция кызматкерлери беткап режимин бузгандарга карата чараларды күчөттү. Мары облусунда беткапсыз айдоочуларды аныктоо үчүн атайын рейддер жүрүүдө.
«Автоунаада бир эле жүргүнчү беткапсыз болсо, айдоочунун күбөлүгүн алып коюшууда. Эгер алгачкы жолу кармалса айдоочу күн сайын 17:00дө полиция кеңсесинде өтүп жаткан лекцияны угушу керек болот. Экинчи жолу кармалса 50 манат (14 доллар), андан кийинкилеринде 250 манаттан (71,5 доллар) айып пул төлөйт», — деди басылманын аймактагы кабарчысы.
Түркмөнстандын бийлиги өлкөдө коронавирус жуктурган учур каттала элек экенин билдирип келет. Ошол эле маалда көптөгөн шаарларда жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн карантиндик чектөөлөр киргизилген.
Сентябрда түркмөн бийлиги Кылмыш кодексине өзгөртүүлөрдү киргизген. Ага ылайык, «кооптуу жугуштуу оорулардан» дарылануудан баш тарткан же ооруканадан качкан жарандар эки жылга чейин эркинен ажыратылат.