Ссылки доступа

АКШ «Аэрофлоттун» аткезчиликке шектелген 113 кызматкеринин визасын чакыртып алды


Нью-Йорк штатындагы Чыгыш округдун прокуратурасы уурдалган электрониканы АКШдан мыйзамсыз чыгарып кетүүгө шектелген 10 кишиге айып такты.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, алар уурдалган Apple түзмөктөрүн «Аэрофлот» компаниясынын кызматкерлери аркылуу АКШдан чыгарып кетип турушкан. Буга байланыштуу Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти авиакомпаниянын 113 жумушчусунун америкалык визасын чакыртып алды.

Сегиз шектүү камакка алынып, экөөнө издөө жарыяланды. Алар АКШдан Орусияга болжол менен 50 миллион долларлык электрониканы мыйзамсыз чыгарып кетүү схемасын уюштурушкан деп айтылууда. Түзмөктөрдү «Аэрофлоттун» азыркы жана мурдагы кызматкерлеринин багажы менен алып кетип турушкан.

Орусиялык авиакомпания бул боюнча комментарий бере элек. Орусиянын Нью-Йорктогу башкы консулдугу кылмыш иши тууралуу маалыматтарды текшерип жатканын билдирди. ТАСС агенттигинин кабарчысы менен сүйлөшкөн орусиялык дипломат күн мурун «Аэрофлоттун» Нью-Йорктон Москвага уча турган каттамы бир саатка кармалганын, ФБРдин кызматкерлери жүргүнчүлөрдүн багажын текшергенин айтты.

XS
SM
MD
LG