«Азаттыктын» өзбек кызматы жарыялаган видеотасмаларда 5 миңге жакын жумушчу заводдун имаратына чабуул жасаганын көрүүгө болот.
Акыркы маалыматтар боюнча абалды жөнгө салуу үчүн заводго Улуттук гвардиянын, Улуттук коопсуздук кызматынын жана Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы бөлүктөрүнүн кызматкерлери жеткирилди.
Видеого ылайык, завод жетекчилиги отурган имараттагы техникалар, эмеректер талкаланган. Мындан тышкары кеңсенин полунда кандын издерин көрүүгө болот. Каза болгондор жана жаракат алгандар тууралуу маалымат жок.
Болжолдуу маалыматтарга караганда, жумушчулар аларга тамак берилбегендигине жана айлыктары өз убагында которулбаганына нааразы болушкан.