Ссылки доступа

Өзбекстан президенти латын арибине өтүү боюнча жол картасын түзүүнү тапшырды


Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев өкмөткө үч айда жумуш тобун түзүп, өзбек алфавитин латынчага толугу менен которуу боюнча жол картасын иштеп чыгууну тапшырды.

Бул тууралуу Өзбек тилин өнүктүрүү чаралары жөнүндөгү жарлыкта айтылат.

Документте каржылоонун булактары жана көлөмү так көрсөтүлүшү керек.

Шавкат Мирзиёев ушул эле жарлык менен Өзбек тилин өнүктүрүү жана 2020-2030-жылдарга карата тил саясатын жакшыртуу консепциясын да бекитти. Документке ылайык, 2030-жылга чейин бала бакчалардын 80% өзбек тилине өтүп, өзбек тилин окутуу жумасына 84 сааттан 110 саатка чейин көбөйүшү керек. Мындан тышкары чет өлкөлүктөргө өзбек тилин окутуу боюнча программа түзүлөт.

2019-жылы майда тилчилер латынчага негизделген өзбек арибинин жаңыртылган добоорун сунушташкан. Жаңы алфавитте 30 белги: 29 тамага жана ажыратуу белгисин аныктоочу апостроф бар.

XS
SM
MD
LG