Ссылки доступа

Казакстандыктар үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө мыйзам долбооруна каршы кол топтошууда


Казакстандын бир катар шаарларында жарандык активисттер “Үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү жөнүндө” жаңы мыйзам долбооруна каршы петицияга кол топтошууда.

Активисттер мыйзам долбоору чийки жана карама-каршылыктары көп экенин белгилешип, ал мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын кеңейтип, үй-бүлөгө тобокелчилик жана коркунучтарды жаратышы ыктымал деп эсептешет.

Петицияга укук коргоочулар менен коомдук активисттер кошулду, арасында көптөгөн ата-энелер бар. Парламенттин төмөнкү палатасында биринчи окуудан өткөн мыйзам долбооруна каршы 10 миңден ашуун киши кол койду.

– Кол топтоону аяктайбыз деп ойлогонбуз. Бирок кишилер жапырт түрдө “ойгонуп”, аны узартууну сурашууда. Эл “ооба” же “жок” деп айтууга, айтканынан кайтпоого, ошол эле маалда митингдерге, революцияга же бийликти төңкөрүүгө чакырбай, ушундай жол менен эскертүүгө болорун түшүнө баштады, –деди активист Дина Садердинова.

Укук коргоочулардын айтымында, жаңы мыйзам долбоорунда “зомбулук” түшүнүгү кооптуу түрдө кеңейтилген. Аларды айрым жагдайлар үчүн зомбулук фактысын аныктоодо сот процедуралары кажет эмес деген норма тынчсыздандырууда. Муну менен катар “баланын жыныстык эркиндигине каршы болуу, үй-бүлөдөгү экономикалык жана психологиялык зомбулук” деген түшүнүктөргө так аныктама берилбегенин, бүдөмүк жазылган мындай мыйзамга каршы экенин билдиришүүдө.

Ата-энелер жаңы мыйзам долбоорунун негизинде үй-бүлөдө зордук-зомбулук болду делген жагдайда баланы коргоо жана көзөмөлдөө органдары эмес, полиция кызматкерлери тартып аларына өзгөчө кооптонушууда.

Юристтер кандай гана ата-эне болбосун, бул кылтакка илинип калышы ыктымал экенин белгилешүүдө.

Бул арада укук коргоочулар мыйзам долбоору нике жана үй-бүлө, кылмыш-жаза жана административдик мыйзам бузуу кодекстерине карама-каршы келерин да айтышууда.

Видео

Видео

Булак суусуна балык баккан эки ишкер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:07:20 0:00
XS
SM
MD
LG