Ссылки доступа

Өзбекстанда бир жылда 14 жеке университет ачылат


2021-жылы 1-сентябрга карата Өзбекстандын ар бир аймагында бери дегенде бирден мамлекеттик эмес жогорку окуу жайы ачылат.

Бул тууралуу өлкөнүн жогорку жана атайын кесиптик билим берүү министринин орун басары Узокбой Бегимкулов билдирди.

Расмий билдирүүдө жалпысынан канча жеке университет ачылары так айтылган эмес.

Эгер Ташкентте, Каракалпакстан республикасында жана 12 облуста бирден окуу жай ачылса, бир жыл ичинде 14 жеке университет пайда болот.

Өзбекстанда жеке жогорку окуу жайларды ачуу жөнүндө биринчи жолу эки жыл мурун айтылган.

XS
SM
MD
LG