Ссылки доступа

Түркмөнстанда COVID-19га байланыштуу катаал чектөөлөр киргизилиши мүмкүн


Түркмөнстандын өкмөтү өлкөдө коронавирустун жайылуусунун алдын алуу үчүн чараларды күчөтүү маселесин кароодо. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы өз булактарына тыянып билдирди.

Маалыматка караганда, өкмөттүн бул аракети Дашөгүз облусундагы аялдар абагында COVID-19 чыккандыгына байланыштуу.

«Дашөгүздөгү абакта камакта отурган 500дөн ашык аял ооруп калды. Абал оор. Көбүндө эки тараптуу пневмония аныкталган. Ооруп калгандар изоляцияга алынганы менен мекеменин шарттары аларды толук обочолонтууга мүмкүндүк бербейт. Абакта кишилер көп», — деди булак.

Анын айтымында, коңшу Лебап облусунда да эпидемиологиялык абал курчуп жатат. 10 күн мурда андагы карантиндик аймакта бир нече кишиден COVID-19 аныкталган.

«Азырынча чечим кабыл алына элек, бирок 1-ноябрдан тартып бардык аймактар изоляцияга алынат деп күтүлүүдө. Ички аба каттамдар токтотулуп, жарандардын аймактар ортосунда жүрүүсүнө чектөө киргизилиши мүмкүн . Мындан тышкары массалык иш-чаларга, анын ичинде той-аштарга да тыюу салуу каралууда», — деп билдирди булак.

Азырынча бул маалыматты башка көз карандысыз булактардан ырастоого мүмкүн болгон жок.

Түркмөнстандын бийлиги өлкөдө коронавирус жуктурган учур каттала элек экенин билдирип келет. Ошол эле маалда көптөгөн шаарларда жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн карантиндик чектөөлөр киргизилген. Мындан тышкары жарандар көчөдө беткап кийип жүрүүгө милдеттендирилип, жүргүнчү ташыган темир жол каттамдары токтотулуп, автоунаалардын аймактар ортосунда жүрүүсүнө чектөөлөр киргизилген. Быйыл июлда киргизилген бул чаралардын мөөнөтү акыркы жолу 15-октябрда бир айга узартылган.

XS
SM
MD
LG