Ссылки доступа

"Матраимов менен Көлбаевдин кармалышы - театрлашкан шоу" (жыйнак)


Чөлкөмдөгү ЖМКлар бул материалдарды логотибин сактоо менен бекер колдоно алышат. Директ топтомунан дагы видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- "Матраимов менен Көлбаевдин кармалышы - театрлашкан шоу". Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев криминалитет өзүн эркин сезип калганын 27-октябрда Бишкектеги маалымат жыйында айтып чыкты. Ал Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен кримтөбөл деген Камчы Көлбаевдин кармалышын театрлашкан шоу катары сыпаттады. Дүйшөбаев "Көлбаев жакын арада бошотулат" деген оюн билдирди. (видео)

- Баш мыйзамды өзгөртүүгө жол ачкан парламент. (видео)

- Москвада чек аралар жабылгандыктан мигранттардын кызматына суроо-талап көбөйдү. (Настоящее время)​

- Акылбек Жапаров: ЖКга шайлоону кечеңдетүү - мунасалуу чечим болду. (видео)

- Күрөш: Айылдан Олимпке карай жол. Ысык-Көл облусунда ушул тапта күрөш боюнча курама команданын машыгуулары өтүп жатат. Күрөшкө болгон элдин кызыгуусуна эмне себеп? Таласта эмнеге балдарды балбан кылып тарбиялашат? (видео)

- Коронавирус: Жалал-Абадда кычкылтек баллондору тартыш. Жалал-Абад облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө бейтаптардын жакындары өз акчасына кычкылтек баллонун сатып келип, ыктыярчылардын көмөгү менен аны орнотуп жатышат. (видео)

- Кыргыз-тажик чек арасында суу түтүгүнөн улам кайра чыр чыкты. (видео)

- Тажикстанда азык-түлүк кымбаттап жатат. (видео)​

- Казакстанда саясий туткундарга жардам берүүнү каалагандар кармалды. (видео)

- Конституциялык реформа: алдыга кадамбы же арткабы? (Кыргызстандан видео)​

- Юристтер: Парламенттик шайлоону жылдыруу саясий каатчылыкты күчөтөт. (Кыргызстандан видео)

- Беларуста нааразылык акциялар өттү. (сүрөт баян)

​- Минскидеги нааразылык жүрүштүн катышуучулары күч менен таркатылды. (видео)

- Тажикстан витаминдүү ун чыгара баштайт. (видео Директ)

- Дубнов: Бишкектеги окуялар Москванын акылына сыйбай жатат. Кыргызстандын Конституциясы онунчу жолу өзгөртүлгөнү турат. Ага жол ачкан мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш кабыл алып, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду. (видео)

- Казакстандыктар "Бораттын" экинчи бөлүмүнүн прокатка чыгышына каршы. (видео Директ)

- Алматыда жеке жаныбарлар жайы коргоочусуз калды. (видео)

- Пандемияга жана мыйзамдардын так эместигине байланыштуу жүздөгөн мигрант Орусиядагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборлоруна толуп калды. (видео)

- Маслихаттардын депутаттарын эл эмес, партиялар тандайт. (Казакстандан видео)

- 10 жылдан бери электр жарыгы жок жашап келген айыл. (Тажикстандан видео)

- Казакстан «кызыл зонага» кантип өтүүдө? (Настоящее время)​

- Казакстанда азык-түлүк кымбаттоодо. (видео)

- Тажикстанда ак илбирс кармалды. (видео Директ)

- Бир жыл мурда Кытайдан качып келген шинжаңдык казактарга качкын макамы берилди. (Казакстандан видео)

- COVID-19га байланыштуу Казакстанда жаңы чектөөлөр киргизилүүдө. (Настоящее время)

- COVID-19дун узак мөөнөттүү кесепеттери. (видео)

- АКШдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы кандай болот? (видео)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG