Ссылки доступа

Өзбекстанда жакынкы жылдары электр энергиясынын тарифи жогорулабайт


2021-2022-жылдары Өзбекстанда электр энергиясынын тарифи жогорулабайт. Бул тууралуу 26-октябрда «Өзбекстан 24» телеканалына «Аймактык энергетикалык түйүндөр» компаниясынын төрагасы Улугбек Мустафоев билдирди.

«2021-2022-жылдары электр энергиясынын тарифин көтөрбөө – президенттин негизги тапшырмасы», - деди Улугбек Мустафоев.

Анын айтымында, энергосистемаларды модернизациялоо жана реконструкциялоо тарифтерди көтөрүү жолу менен эмес, өндүрүш наркын төмөндөтүү менен ишке ашырылат.

26-октябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев энергетикалык компанияларды трансформациялоонун артыкчылыктары боюнча жыйын өткөргөнү кабарланган.

Кеңешме учурунда ал өлкөдө электр станциялардын 50% эскиргенин билдирген.

XS
SM
MD
LG