Ссылки доступа

Евробиримдик Кыргызстанга бөлчү алты миллион еврону кийинки жылга калтырды


Европа Биримдиги (ЕБ) Кыргызстанда санариптешүүгө бөлө турган алты миллион евро каражатын 2021-жылга калтырды. Бул тууралуу "Азаттык" Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө таянуу менен кабарлады.

Мекеме ырастагандай, Евробиримдиктин 2021-2027-жылдарга карата Кыргызстандагы башка программалары боюнча иштер уланууда. Алар - билим берүүгө, саламаттык сактоого, таза сууга байланышкан долбоорлор.

Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү калган программаларды ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жаңы парламенттик шайлоодон кийин бекий турган жаңы өкмөт менен жүрөрүн белгиледи.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел 15-октябрда билдирүү таратып, «парламенттик демократия жолунда бараткан Кыргызстанда президенттин ыйгарым укуктары премьер-министрге өткөрүлүп берилгени олуттуу суроо жаратууда деп эсептей турганын» маалымдаган.

19-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Кыргызстандын бюджетин колдоого жардам сураган.

Быйыл июль айында Евробиримдик Кыргызстанга бюджетти колдоого жана социалдык коргоо тармагына дээрлик 25 миллион евро бөлүп берген болчу.

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялар эртеси күнү Бишкекте митинг өткөрүп, башаламандык башталган.

15-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков бийликтен кетерин жарыялаган. Парламент спикери Канатбек Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тарткандыктан, бул милдет жана өкмөт башчылык кызмат башчы Садыр Жапаровго өткөн.

XS
SM
MD
LG