Ссылки доступа

Түркмөн бийлиги Түркияда жүргөн активисттин туугандарына кысым көрсөтүүдө


Түркмөнстанда полиция Түркияда жүргөн 29 жаштагы түркмөн активисти Дурсолтан Таганованын туугандарын чакырып, камерага аны эл душманы деп айтууга мажбурлашууда. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы "Мемориал" укук коргоо борборуна таянуу менен билдирди.

Таганова 19-июлда коронавируска байланыштуу киргизилген чектөө чараларын бузуу айыбы менен Стамбулдагы түркмөн элчилигинин алдында өтө турган митингге бир нече саат калганда кармалган. Активист башка 80дей замандашы менен Түркмөнстан бийлигин сындап, билдирүү жасоону пландаган.

Түркия бийлиги Таганованы мекенине кайтарууну көздөгөн, бирок бир нече укук коргоо уюмдарынын чакырыгынан кийин 12-октябрда аны депортациялык түрмөдөн бошоткон. Мындан соң Түркмөнстанда ага каршы иш козголуп, издөөгө алынган. Ал эмне себептен айыпталып жатканы белгисиз.

Таганованын апасы Меремгүл Баймурадова укук коргоочуларга кызы быйыл июнь айында соцтармактар аркылуу биринчи жолу түркмөн бийлигине каяша сүйлөгөндөн кийин эле анын туугандарына кысым башталганын айткан.

Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, активисттин ата-энеси, инисинен тышкары башка туугандары да полиция бөлүмүнө чакыртылган. Сурак учурунда полициячылар алардын көрсөтмөлөрүн камерага тартышып, Таганованы “Эл душманы” деп айтууга мажбурлашкан.

XS
SM
MD
LG