Ссылки доступа

Өзбекстанда ири кант өндүрүүчүлөр жумушчуларын жапырт кыскартууда


Өзбекстанда кант өндүргөн «Ангрен шакар» жана «Хоразм шакар» ири ишканалары массалык түрдө жумушчуларын кыскартып жатат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдиришти.

Маалымтка караганда, бүгүнкү күнгө карата 130дан ашык кызматкердин иштен алынганы белгилүү. Жыл соңуна чейин жумушчулардын баары кыскартылып, дагы 2 миңдей киши жумушсуз калат деп күтүлүүдө.

Кант камышын (тростник) Бразилиядан алып келүү үзгүлтүккө учурагандыктан эки ишкана тең быйыл июлда ишин токтотушкан.

Компания өкүлдөрү бажы төлөмдөрү алынып, шекер алып кирүүдөгү акциздин жоюлушунан улам жергиликтүү ишканалар импортчулар менен атаандаша албай калышканын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG