Саламаттык сактоо министрлигине медициналык жабдууларды берүүнүн тартибин иштеп чыгуу тапшырылды. Маалыматка караганда, пульсоксиметрлер менен кычкылтек концентраторлорун жакынкы ооруканалардын мүмкүнчүлүгүнө жараша келишимдин негизинде берүү каралууда.
Акыркы маалыматтар боюнча Өзбекстанда коронавирус жуктургандар 66 141 кишиге жетти. Алардын ичинен 63 323ү айыгып, 558 бейтап каза болду.