Ссылки доступа

Мирзиёевдин күйөө баласынын бир тууганы ИИМде жаңы кызматка дайындалды


Улугбек Турсунов (ортодо)

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин улуу күйөө баласы Ойбек Турсуновдун бир тууганы Улугбек Турсунов Ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу Маңзат сатууга каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчи орун басары кызматына дайындалды. Бул тууралуу ИИМдеги өз булактар билдиришти.

Министрлик азырынча бул дайындоо тууралуу расмий билдирүү жасай элек.

Турсунов быйыл июнда Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары кызматынан бошотулган. Андан бери ал расмий түрдө Кокон шаарындагы ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн координациялоо башкармалыгында «иштеп келгени» айтылган.

Бирок өз булактар Турсуновго «үйүнөн чыгууга тыюу салынып», көзөмөл алдында болуп келгенин билдиришүүдө.

AsiaTerra интернет басылмасы 53 жаштагы Улугбек Турсуновдун кызматтан алынышына «президенттин эки күйөө баласынын ортосундагы атаандашуу» себеп болгонун жазган. Мындан тышкары макалада Турсунов түрдүү бизнестерди, жер тилкелерин тартып алуу менен алектенип, өлкөнүн майлуу-сүттүү өнөр жайына ээлик кылуу үчүн ишкерлерге басым кылып келгени белгиленген.

Ал ортодо ИИМдеги булактар Турсунов жаңы дайындалган кызматтын ыйгарым укуктары чектелүү экенин билдиришүүдө.

– Азыр ал жетекчинин орун басары болуп келди. Кызмат министрликте болгонуна карабастан, анда шаардык ички иштер башкармалыгындагыдай мүмкүнчүлүктөр, күч жок. Бул кызматта ал көзөмөлдө болот, аны сүргүн десе да болот», — деди булак.

Улугбек Турсунов Ислам Каримовдун тушунда «Жасорат» медалы менен сыйланган. 2017-жылдан 2020-жылдын июнь айын чейин Ташкент шаардык ИИБсинде жетекчинин орун басары кызматында иштеген. Анын атасы Батыр Турсунов өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын төрага орун басары болуп иштейт.

Видео

Видео

"Бажыдагы көмүскө схема иштеп жатат"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:17:46 0:00
XS
SM
MD
LG