Ссылки доступа

Энергетиктердин талабына байланыштуу комиссия түзүлмөй болду


"Түндүкэлектр" ишканасынын кызматкерлеринин жоон тобу 30-октябрда иш таштап, Өкмөт үйүнүн алдында каршылык акциясына чыгышты. Алар ишкананын жетекчисин алмаштырууда мыйзам бузулганын, саясий оюн болуп жатканын айтышууда.

Акциянын катышуучулары менен жолугушууга чыккан өкмөттүн өкүлү Марат Чолпонкулов энергетиктерди жумуш орундарына кайтып барууга чакырды. Маселени атайын комиссия түзүп териштирүүнү, утурумдук жетекчиликке өздөрүнүн ичинен убактылуу бирөөнү дайындап турууну сунуштады. Сунушка ылайык комиссиянын курамына Мамлекеттик мүлк фондунан, Кесиптик кошуундар уюмунан, нааразылык акциясына чыккан тараптан үч киши кире турган болду. "Маселени дүйшөмбүдө чечебиз" деди Чолпонкулов.

Нааразылыкка чыккандар мурдагы жетекчини кызмат ордуна кайтарып берүү талабынан кайтпай турганын айтып жатышат.

27-октябрда «Түндүкэлектр» ишканасынын башкы директору Доскул Бекмурзаевдин ордуна Улан Астаркулов дайындалган. Нааразы болгондор жетекчи "өз арызы менен кетти" деген жалган шылтоого таянып, өкмөт саясий чечим кабыл алды деп сындашууда.

«Түндүкэлектр» ишканасынын расмий сайтындагы маалыматка караганда, 27-октябрь күнү компаниянын директорлор кеңешинин чечими менен Бекмурзаев бошотулуп, анын ордуна Астаркулов дайындалды. Бул чечим Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жана «Улуттук энергохолдинг» менен макулдашылганы кабарланды.

Алгач "Улуттук энергохолдингдин" алдына наарызылыкка чыгып, андан ары өкмөт үйүнө барышкан митингчилердин айтымында, алар буга чейин «Улуттук энергохолдингге», Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна кайрылышкан, бирок жооп болгон эмес.

Астаркулов бул компанияда 2017-жылы коммерциялык директор болуп иштеп кеткен.

Жамааттын нааразылык акциясына байланыштуу мурдагы жана жаңы дайындалган директорлор өздөрү комментарий берген жери жок.

«Түндүкэлектр» – Чүй, Талас облустарын жана Бишкек шаарын электр энергиясы менен камсыз кылуучу бөлүштүрүүчү компания.

XS
SM
MD
LG