Ссылки доступа

Москва аэропортунда 200дөн ашык тажикстандык мигрант мекенине кете албай турат


Москвадагы «Домодедово» аэропортунда Тажикстандын 200дөн ашык жараны мекенине кете албай турат. Буга Орусиянын Росавиация мекемеси «Сомон Эйр» авиакомпаниясына 1-ноябрга караган түнү Москва-Душанбе багыты боюнча эки чартердик каттамды аткарууга уруксат бербегени себеп болду.

Тажикстандын Транспорт министрлигинин өкүлү Москвадан Душанбеге чартердик каттамдарды аткаруу боюнча Орусиянын авиациялык бийлиги менен сүйлөшүүлөр көпкө созулганын, жыйынтыгында орус тарап «Сомон Эйр» авиакомпаниясына уруксат бербегенин билдирди. «Москва чартердик каттамдардын жарымынан көбүн орусиялык авиакомпаниялар аткарышы керек деп жатат. Бул тажик авиакомпаниялары үчүн пайдасыз болуп калат. Бирок биз маселе жакынкы убакта чечилет деп үмүттөнүп жатабыз», — деди ал.

Өз кезегинде аэропорттун кызматкерлери жүргүнчүлөргө каттамдар коронавирус коркунучуна байланыштуу бир нече күнгө жылдырылганын билдиришти.

«Каттамдардын аткарылбай калышы биз үчүн күтүүсүз болду. Албетте өкүнүчтүү, көпчүлүгүбүз билеттерди кыйынчылыктар менен тапканбыз. Эми учактарды аэропортто калып күтөбүз», — деди жүргүнчүлөрдүн бири.

Тажикстан коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алуу максатында аба каттамдарын марттын аягында токтоткон. Азырынча Орусия менен Тажикстандын ортосундагы ырааттуу аба байланышы качан калыбына келе турганы белгисиз. Тажик бийлиги июлда эле каттамдарды жандандырууга даяр экенин билдирип, Орусиянын тиешелүү органдарына расмий кайрылуу жөнөткөн.

Өткөн айда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги «Сомон Эйр» авиакомпаниясы 9-октябрдан 31-октябрга чейин жүздөн ашык кошумча чартердик каттамдарды аткара турганын билдирген.

Тажик бийлигинин маалыматы боюнча апрелден октябрга чейин чартердик каттамдар менен 70 миңге жакын тажикстандык жаран мекенине кайтарылды.

Видео

Видео

Мигранттар баккан Боз-Адыр
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:30:03 0:00
XS
SM
MD
LG